Акыркы 7 ай ичинде өлкөдө 2215 өрт кырсыгы болгон

16 август 2018 01:10 675 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, акыркы 7 ай ичинде өлкөдө 2215 өрт кырсыгы катталган. Мындай көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 7.8%га өскөндүгүн билдирди. Маалыматта айтылгандай 2018-жылы өрт кырсыгынан 36 адам каза болуп, 25 тей жаракат алып, 43 адам куткарылган. ӨКМнын өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын убактылуу башчысы, майор Равшанбек  Ашырбековдун айтымында өрт кырсыгы элдердин электр шаймандарына жана өрт чыга турчу буюмдарды этияттык менен колдонбогондуктан улам көбөйүүдө дейт. 

Эң көп өрт кырсыгы Чүй облусунда катталган. ӨКМ өрттү алдын алуучу эрежелерди сактап жүрүү, ысыкта күйүп кете турчу буюмдарды таштабоо жана балдарды, үйдү кароосуз калтырбоону эскертет. 

Ссылка: https://barometr.kg/akyrky-7-aj-ichinde-lkd-2215-rt-kyrsygy-bolgon



Добавить комментарий