Акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

1 май 2020 12:20 2116 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Ал 29-апрелде 44 жаш курагында каза болгон. Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Акыркы кездери «Азаттык» радиосунда эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» ырлар жыйнагы чыккан.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамы бар.

Маркумдун артында эки уул, эки кызы калды.

Ссылка: https://barometr.kg/akyn-zhurnalist-zajyrbek-azhymatovdun-sg-ala-archa-krstnn-koyuldu



Добавить комментарий