Акын Жеңишбек Жумакадыр: Добушуңузду сатпай, баарына каршы салыңыз

9 сентябрь 2020 12:40 1728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саясат менен колбасанын эмнеден жасалганын билгенде эч ким аралашпайт болчу. Бирок Кыргызстанда баары эле чоң болуп, эл башкаргысы келерин акын Жеңишбек Жумакадыр айтып чыкты. Бул тууралуу маданият өкүлүнүн соц тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Акын татыктуулар жок эмес бар, бирок аралашып кеткени өкүнүчтүү экенин айтып жарандарды шайлоого баруусуна үндөдү.

“Шайлоого барбай койбой, сөзсүз барыңыз. Бирок пайгамбарыбыз пара берүүчү да, пара алуучу да күнөөгө батат деген. Андыктан добушуңузду сатпай, кааласаңыз баарына каршы салыңыз”, деген оюун айтты.

Жеңишбек Жумакадыр шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин көбү таанымал байлар экенине нааразы. Анан да жаңы жаш кадрлар ар бир партияга чачырап, чоңдордун саясий бет кабы болбой биригип бир партия түзүп чыкса болмок деди.

"Беш жылы элдин акчасын жегени келе жатышат,

Шайлоого чачкан акчасын тергени келе жатышат.

Өзгөрүлбөс өлкөнүн өңдөрү келе жатышат,

Баатыры "Манас" тарыхын билбестер келе жатышат", -деп ырга салып чакырык жасады акын. 


Ссылка: https://barometr.kg/akyn-zheishbek-zhumakadyr-dobushuuzdu-satpaj-baaryna-karshy-salyyz



Добавить комментарий