Акын Шайлообек Дүйшеев: Элмирбек сен өлгөн жоксуң – аудио

21 апрель 2020 17:22 3302 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерип, ал өлбөгөнүн, анын экинчи өмүрү өз эли менен түбөлүктүү жашоого кеткенин айтты.

Эске салсак, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында каза болду. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Шайлообек Дүйшеев өз эскерүүсүндө белгилүү акындар дүйнөдөн өткөндө анын замандаштары, үзөңгүлөштөрү эмне деп ырдап, эмне деп жоктогонуна азын-оолак токтолду.

“Элмирбек, сен элибиздин туусун көтөргөн эр азаматыбыз элең. Сен өлгөн жоксуң, сенин экинчи өмүрүң элиң менен түбөлүк жашай берет. Кош боорум. Туйгуну элең асылдын, тулпары элең акындын, бутасы элең жылдыздын, булбулу элең кыргыздын. Кош эми, жаткан жериң жайлоо, топурагың торко болсун!” – деп эскерди акын Дүйшеев.

Буга чейин айтылуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр дагы Элмирбекти эскерип ыр жазган болчу.


Ссылка: https://barometr.kg/akyn-shajloobek-djsheev-elmirbek-sen-lgn-zhoksu-audio



Добавить комментарий