Акылбек Жапаров: Интернетте соода кылгандар көзөмөлгө алынат
Экономика жана каржы министрлиги интернет аркылуу соода кылган жана тейлөө көрсөткөн ишкерлерди көзөмөлгө алат. Бул тууралуу бизнес өкүлдөрү менен жолугушкан учурда Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров маалымдады.
Анын айтымында, азыр аталган сегментте 53 миңдей адам иштеп жатат. Салык кызматынын каттоосунда 11 миң ишкер турат, анын ичинен салыкты 7-8 миңи гана төлөйт.
“Бизди каттоого алуу менен көзөмөлдү күчөтөбүз. Эч ким бекер иштебеши керек, салык төлөбөй койбошу керек. Анан калса ставкалар ал жактан жогору. Биз салык төгүүчүлөрдү коргойбуз. Салыкты ачык төлөгөндөр мамлекеттин, президенттин жеке коргоосунда”,-деп айтты Акылбек Жапаров.
Ссылка: https://barometr.kg/akylbek-zhaparov-internette-sooda-kylgandar-kzmlg-alynat
Добавить комментарий ×