Аксыда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу жумуштары улантылууда

27 май 2020 11:24 1793 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аксы РИИБи тарабынан жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатындагы жумуштар улантылууда. Милиция кызматкерлери сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге эскертүү тактайчаларын орнотушуп, суу бойлорунда жүргөн өспүрүмдөргө эскертүү беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл аралашып, ата-энелер менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого чакырышты. Алардын көлмөлөргө, чоң сууларга түшүүсүнө жол бербей, балдарынын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алууга үндөштү.
Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн чогулуп алып жаратылышка эс алууга чыгуусуна болбой тургандыгы жеткирилди. Район аймагындагы эс алуучу жайлар азыркы учурда милиция тарабынан катуу көзөмөлгө алынууда.

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-zhazgy-suuga-chglrdn-aldyn-aluu-maksatyndagy-zhumushtar-ulantyluuda



Добавить комментарий