АКШда полициянын колунан каза тапкан Флойддун кызы эми “Disney” компаниясынын акционери
Полиция кызматынын колунан каза тапкан афроамерикалык Джордж Флойддун кызы эми “Disney” компаниясынын акционери. Бул тууралуу USA Today жазып чыкты.
АКШнын атактуу ырчы жана актрисасы Барбра Стрейзанд полиция тарабынан өлтүрүлгөн Флойддун кызы Джианна Флойдко “Disney” компаниясынын акциасын белекке берди.
6 жаштагы Джианна сертификатты кармаган сүрөтүн киргизип, “Мен эми силердин жардамыңар менен Диснейдин акционеримин”, -деп жазган.
Андан сырткары ырчы өзүнүн альбомдорун да белекке берген.
Эске салсак, Америкалык кара түстүү жаран Джордж Флойд 25-майда дүкөндөн жасалма акча менен кармалды деген айыптоонун негизинде полиция тарабынан кармалып, колуна кишен кийгизилген, ага карабай укук коргоо кызматкери 8 мүнөт бою Флойд каршы көрсөтпөсө да анын мойнун тизээси менен басып турган. Аба жетишпегенден улам Флойд каза болгон.
Добавить комментарий ×