АКШда кар бороонунан каза болгондордун саны 34кө жетти

26 декабрь 2022 10:08 936 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америка Кошмо Штаттарында катуу сууктан жана кар бороонунан каза болгондордун саны 34 адамга жетти жана мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн экени кабарланууда. Бул тууралуу NPR маалымат агенттигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

 Буга чейин, каза болгондордун саны 26га жеткени айтылган. 

Кар бороону АКШда кеминде 34 адамдын өмүрүн алып кетти жана кээ бир тургундар үйлөрдүн ичинде камалып калган. 

 Нью-Йорктун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, дем алыш күндөрү бир метрден ашык кар жааган Буффало аймагында 12 киши каза болгон.  

 Кар бороону АКШ-Канада чек арасына жакын Улуу Көлдөрдөн АКШ-Мексика чек арасындагы Рио-Грандеге чейин болуп көрбөгөндөй бурганактап келген.       

Жекшембиде аба ырайына байланыштуу 1700дөн ашуун авиакаттам токтотулуп, 200 миңге жакын керектөөчү жарыксыз жана жылуулуксуз калган. Бир катар энергокомпаниялар сууктун күчөшүнө жана түйүндөрдөгү жүктүн жогорулашына байланыштуу керектөөчүлөргө электр энергиясын, газды жана жылуулукту үнөмдөөнү сунушташты.        

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-kar-boroonunan-kaza-bolgondordun-sany-34k-zhetti



Добавить комментарий