Акрам Мадумаров вице-премьерликке сунушталды
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьерликке сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйыны учурунда белгилүү болду.
Мадумаровдун талапкерлигин Абылгазиев өзү депутаттарга тааныштырды.
Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үй-бүлөсүнө байланыштуу өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков канааттандырган.
Разаков "Барометр" сайтына коомчулукта айтылып жаткан сындан кызматтан кетти деген айрым маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андай ойлогондор жаңылышарын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/akram-madumarov-vice-premerlikke-sunushtaldy
Добавить комментарий ×