Акрам Мадумаров – биография

12 февраль 2020 11:48 1558 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мадумаров Акрам Камбаралиевич 1977-жылы 29-июнда Баткендин Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү.

1999 — Кыргыз агрардык университетин бүтүргөн;

2013 — КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияcын аяктаган.

Тажрыйбасы:

1999 – 2005 — Кыргыз агрардык университетинин аспиранты, ассистенти, улук окутуучусу;

2006 – 2008 — КР Президентинин Иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти;

2008 –2009 — КР президентинин Иш башкармалыгынын түштүк резиденциясынын директорунун орун басары;

2009 –2013 — КР президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

2013 – 2013 — Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин милдетин аткаруучу;

2013 –2017 — Баткен облусундагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким;

2017 – 2017 — КР президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

2017 – 2019 — КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

2019-жылдын 1-апрелинен тарта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

"Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" чини бар.

Ссылка: https://barometr.kg/akram-madumarov-biografiya



Добавить комментарий