"Акнет" компаниясынын ишмердүүлгүнө байланышкан сотко чейин өндүрүш аяктады

9 декабрь 2019 12:39 2063 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Акнет"  ЖЧКнын ишмердүүлгүнө байланышкан сотко чейин өндүрүш аяктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөзкызматы билдирди. 

Жакында, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан "Акнет" ЖЧКсынын президенти К.А. карата  кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аталган ишти иликтөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган. Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан "Акнет" ЖЧКсынын президенти  жалпы суммасы  616 816 112 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган. Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен  ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан. Азыркы учурда "Акнет" ЖЧКсынын президенти К.А. карата  кылмыш иши аяктап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.



Ссылка: https://barometr.kg/aknet-zhchknyn-ishmerdlgn-bajlanyshkan-sotko-chejin-ndrsh-ayaktady



Добавить комментарий