Чүй облусунда медреседе өрт чыкты

9 сентябрь 2019 12:10 616 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунда Панфилов району. 2019-жылдын 8-сентябрь күнү саат 18:51 чамасында Телман айылынын Гүлсара көчөсүнүн №24 дарегинде жайгашкан "Ак-Тилек" медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 ч.м. чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Тартылган күч жана каражаттар:КР ӨКМнин Панфилов райондук  бөлүмүнүн башчысы, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 2 бөлүм, Жайыл райондук №22 АӨКБдан 1 бөлүм, “Жунда Чайна Петрелиум” ЖЧКнан 1 бөлүм.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрь күнү саат 02:17де толук өчүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-tilek-medresenin-zhatakanasynyn-chatyrynan-rt-chykkan



Добавить комментарий