"Ак үй" карантинге жабылышы мүмкүнбү?

25 июнь 2020 10:50 1826 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ак үйдө” коронавирус күч алса карантинге жабылышын пленардык комиссия карайт. Бул тууралуу “Барометрге”  брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары билдирди.

Республикалык штабдын брифинг учурунда “Акыркы убакта Жогорку Кеңештин депутаттарынан дагы коронавирус илдети чыгып жатат, Ак үй карантинге жабылабы?”, - деген суроого жооп берди.

 “Бүгүнкү күндө бир гана Ак үйдө эмес, мамлекеттик мекемелерде дагы илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт”, - деп билдирди Каратаев.

Эскерте кетсек, кечээ КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков, делегациянын мүчөлөрү жана аны коштогон адамдар Москвага баргандан кийин COVID-19га тест тапшырышкан. Анын жыйынтыгы менен президентти коштогон эки адамдан коронавирус илдети аныкталган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/ak-j-karantinge-zhabylyshy-mmknb



Добавить комментарий