Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран изделүүдө
Бөлүшүү:
Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран изделүүдө. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жаранды айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги жана ички иштер министрлиги издөөдө.
Изделген жаранга жаратылышты коргоо мыйзамын бузган аракети үчүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде чара каралат.
Өкмөттүн токтому боюнча ак илбирсти мыйзамсыз аткандыгы үчүн 1 млн 500 миң сом айып салынат.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-ilbirstin-terisin-zhamynyp-srtk-tshkn-zharan-izdeld
Добавить комментарий ×