Айзуура Иманалиева апасы Гүлбү Орозкул кызы тууралуу: "Жакшы адамдар кетип калган турбайбы"
Бөлүшүү:
Маркум ырчы Гүлбү Орозкул кызынын кызы Айзуура Иманалиева өзүнүн истаграмдагы жеке баракчасына апасы тууралуу абдан көп пост жазып турат. Бул жолу да ал Гүлбү Орозкул кызы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп кайгылуу төрт сап ыр жазып окурмандарынын көңүлүн оорутту.
Айзуура постуна:
"Кир дүйнөдөн көңүл кургур булганды,
Ким каалабайт түбөлүктүү жыргалды.
Жашай бер деп акыретке аттанып,
Жакшы адамдар кетип калган турбайбы", -деп апасынын бейишин тиледи.
Мындай кайгылуу посттон кийин көпчүлүк ырчы Гүлбү Орозкул кызын жакшы эскерүүлөр менен эскеришип Айзуурага көңүл айтышты.
Добавить комментарий ×