"Такыр эле жүдөп калыптырсың, өзүңдү карабайсыңбы?" Айымдарга берилген адепсиз суроолордун тизмеги
Адепсиздик айымдардын эң эле жаман сапаттарынын бири. Ал көбүнчө көмүскөдө байкалбай турат жана чыдоого туура келе турган мүнөз болуп эсептелет. Жүрөккө жана жан дүйнөгө терең так калтырбайт. Кээде бул тууралуу ойлонбогон деле адамдар кездешет. Анткени "көңүлдү оорутпаган" суроого таарынуу туура эмес деп ойлошот. Жөн жай эле суроо салды. Болгону ага бул нерсе кызык. Бирок, дал ушул "көңүлдү оорутпай турган" суроолорду берүү адепсиздикке жатаарын бардык эле айымдар биле беришпейт.
Адепсиз суроолордун тизмеги:
- Качан турмушка чыгасың, ыя?
- Качан балалуу болосуңар?
- Боюнда кызбы же уул бекен? Кыз күтүп жатсаң уул торолуп калса эмне кыласың?
- Балаңыз кимге окшош, атасынабы же апасынабы?
- Сиздин бир жериңиз ооруп жатабы?
- Эмне үчүн ооруп жатканын кантип билбейсиз?
- Мүмкүн түнү жакшы уктай албай калган чыгаарсыз?
- Оой, сизге турмушка чыгууга али эрте, андан көрө үй-бүлөңүздөгү көйгөйлөрдү алгач чечип албайсызбы?
- Сиз толуп кетиптирсиз? Көп тамак ичип жатасыз го ээ?
- Такыр эле жүдөп калыптырсың, өзүңдү карабайсыңбы?
- Канча айлык аласын? Жашаган жериңе канча ижара акы төлөйсүң?
- Сиздин балаңыз, башкача экен? Сиз ага жакшы көңүл бурбайт окшойсуз?
Андыктан бул начар сапаттан арылууга азыртан баштап аракет жасап, кадам таштаңыз. Айымдардын улуулугун, сулуугун бул сапат бузуп коёт. Адептүүлүк бул- башка адамга сый көрсөтүү болуп эсептелет. Сиз бирөөгө сый көрсөтсөңүз, өзүңүз да сыйга бөлөнөсүз.
Ссылка: https://barometr.kg/ajymdardyn-zhakynyna-bergen-adepsiz-surooloru
Добавить комментарий ×