Айымдар кийимдин өңүнө жана бижутерияларына маани бериңиздер!

12 июнь 2019 09:20 3184 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Арзан баадагы бижутерияларды тагынбаңыз. Ал сиздин образды маанисиз кылып салат. Пластмассадан жана чоподон жасалган сөйкө, шакек, билериктин баарын жаш, мектепте окуган сиңдилериңизге бериңиз. Мен жалаң ган алтын же бриллиант тагынгыла дебейм. Бирок өтө арзан бижутериядан көрө эч нерсе тагынбай койгон жакшы. Аксессуарларга да өтө көңүл буруңуз. Алар стилдүү, презентабельдүү болушу керек. Бул иште сан эмес сапат чоң мааниге ээ

Өзүңүздүн келбетиңиздин цветотибин билүү өтө зарыл.Өзгөчө кайсыл өңдөр сизге жарашаарын жакшылап изилдеңиз. Анткени туура тандалган өңдөр аялды жашартып да чырайлуу кылып да коөт. Мисалы кара чачтуу брюнеткалардын көбүнө ачык өңдөр жарашса, саргыч-боз чачтуу аялдарга нейтралдуу же муздак өңдөгү кездемелер жарашат. Эгер сиз орто курактагы айым болсоңуз же жумушта жүрсөңүз абдан ачык, кыйкырган өңдөгү кийимдерден, макияждан же чач өңдөрүнөн алыс болууңуз дурус. Бир образда үчтөн ашык өң болбош керек. Сиз эселек кыз эмес, айым экендигиңизди унутпаңыз. Ошондуктан дыкаттык менен өңдөрдү тандаңыз.


Ссылка: https://barometr.kg/ajymdar-kijimdin-n-zhana-bizhuteriyalaryna-maani-beriizder



Добавить комментарий