"Айтыш" коомдук фонду түрмөдөгүлөргө концерт уюштурду
“Айтыш” коомдук фондунун уюштуруусу менен №2, №8 түзөтүү жайларындагы камактагылар үчүн концерт тартууланды.
Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.
Кечээ өткөн маданий иш чарада манасчылар манас эпосунан айтышты. Комузчулар күү чертип, ыр ырдашып, төкмө акындар өнөр талтуулашты.
Иш чара - эркинен ажыратылгандарды кыргыздын элдик маданияты менен тааныштыруу аркылуу аларды рухий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоону максат кылат.
Концерттик аземге миңге жакын эркинен ажыратылган жарандар катышып, артисттерге ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/ajtysh-koomduk-fondu-trmdglrg-koncert-uyushturdu
Добавить комментарий ×