Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты

20 февраль 2020 18:40 813 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Индиянын Нью-Дели шаарында өткүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

Белгилей кетсек, Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча беттешүүдө. Бул салмактагы балбан кыздар аз болгондуктан алар айлампа системасы боюнча күрөшөт.

Баштапкы кармашта ал атаандашы Мухлиса Нормуминованы 11:0 эсебинде жеңди. Үчүнчү айлампада япониядан келген Хирое Минагаваны 3:0 эсебинде уткан. Финалга чыгуу үчүн болгон кармашта казакстандык Ельмира Сыздыкованы 4:1 эсебинде жеңген.

Эми баш байге үчүн кайтадан япониялык Хирое Минагав менен кездешет.

Андан сырткары Кыргызстандык балбан кыздардын арасынан Назира Марсбек кызы да күч сынашып, эки жолу утулуп оюндардан четтетилди.

Ссылка: https://barometr.kg/ajperi-medet-kyzy-aziya-chempionatynda-finalga-chykty



Добавить комментарий