Айгерим Расул кызы: "Жашоо ушулардыкы, буларда түйшүк жок деген ой келет"

10 июнь 2019 13:32 3430 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айгерим Расул кызынын инстаграм баракчасы көп учурда негатив сөдөр жазылып жатканын байкоого болот.

“Негатив жазган адамдар жаман эмес. Алардын жашоо шарты, учурда турмуш абалы ошол негативти жазганга түртөт. Инстаграмга кирсе эле... Нервке тийип жасанып, мактанып жыргап чыга калсак эле... Иии жашоо ушулардыкы, буларда түйшүк жок деген ой келет да. Чындыгында андай эмес! Түйшүк ар бир адамда бар, болгону аны эч ким айтпайт. Андыктан алтындарым бул кыска өмүрдө негативтен алыс болуп сабыр кылып, Кудайга шүгүр деп, бир-бирибизге жакшы сөздөрдү арнайлы. Баарыңарды жакшы көрөм”, -деп күйөрмандарына билдирүү калтырды.

Эске салсак, Айгерим Расул кызы буга чейин да жогорудагыдай талкууларга кабылып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/ajgerim-rasul-kyzy-zhashoo-ushulardyky-bularda-tjshk-zhok-degen-oj-kelet



Добавить комментарий