Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары нааразылык акциясына чыкты

15 май 2019 23:39 597 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштады. Бул тууралуу Тоо-металлургиясынын кесиптик кошуунунун төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир канча жылдан бери Глобалдык экологиялык фонд долбоору иштеп келе жатат. Бул фонд Кыргызстандын сымапты кайра иштетүүгө толук тыюу салууну караган Минаматтык конвенцияга кошулушуна кызыктар.

 «2017-жылы Айдаркен сымап комбинатына жаңы инвестор —  «Северсталь» ЖАК келген жана сымап, сурьма, флюорит өндүрүүнү жолго салган. Ишканада 400 киши иштейт. Келечекте 600 киши иштейт деген пландары бар. Айлык өз убагында, салык төлөнүп турат. Бирок айрым депутаттар Минамат конвенциясына кошулууга кызыкдар болуп, комбинаттын токтоп калышына шарт түзүшүүдө», — дейт ал.

Бул нааразычылык биринчи эле жолу эмес. Ар дайым ушул маселе маал-маалы менен көтөрүлүп турат.

Жумушчулар жогорку бийлик органдарына кайрылуу жолдошуп, нааразычылык мөөнөтсүз экендигин билдирүү менен комбинаттын токтоп калуусуна жол бербөөнү өтүнүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdarken-symap-kombinatynyn-zhumushchulary-naarazylyk-akciyasyna-chykty



Добавить комментарий