“AIKOL FC 7” турнирде чемпиондук наамын Канат Келдибеков утту

18 август 2019 00:59 2951 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Тайсон" каймана ысым менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Ысык-Көлдө өткөн “AIKOL FC 7” мушкерлер турниринин башкы беттешинде 66 килограмм салмакта атаандашы орусиялык Михаил Диктеровду эсин оодарып утуп алды.

Таймаштын биринчи эле раундунда Тайсон орусиялык атаандашын жерге басып алып оңдон, солдон урган соккулар менен эсинен тандырып, жеңилип берүүгө аргасыз кылды.

 Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдогу “AIKOL FC 7” турниринде жалпысынан 12 беттеш өттү. Анда кыргыз спортчулары казакстандык жана орусиялык мушкерлер менен беттешти.


Ссылка: https://barometr.kg/aikol-fc-7-turnirde-chempionduk-naamyn-kanat-keldibekov-uttu



Добавить комментарий