Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунованын чет жактагы сапарлары тууралуу документтерди ачыктады

5 октябрь 2018 15:27 1634 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Аида Касымалиева буга чейин “чуу” жараткан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын премьер министрдин уруксаатысыз АКШ га чыккан сапарлары тууралуу социалдык баракчасына жазып, документтерди жүктөдү.

 “Акырындап бардык документтер келе баштады, чек ара кызматынан келген маалыматтар баарын тастыктады.

Мен бир эле эпизодко токтолоюн. Министр Таалайгуль Исакунованын АКШ жана Аргентинага сапары.

Премьердин макулдугу болгон эмес (тастыктоочу документ тиркелген)

Эмгек өргүүсүн алган даталар ушул сапарга туш келет (документ тиркелди)

АКШга барган сапары боюнча министрден отчет жок, себеби премьерден уруксат да алган эмес, бул сапар боюнча маалымат да берген эмес.

Ал эми АКШга болгон сапар акыркы кезде бала сатуу боюнча чуу жараткан бала асыроо темасына арналган” деген билдирүүнү жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына пайдаланышканын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-ministr-taalajgl-isakunovanyn-chet-zhaktagy-saparlary-tuuraluu-dokumentterdi-achyktady



Добавить комментарий