Аида Касымалиева Бириккен Улуттар уюмунун Найробидеги саммитинде баяндама жасады

14 ноябрь 2019 12:37 1493 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Вице-спикер Аида Касымалиева Кыргызстандын атынан Найробиде өтүп жаткан саммитте баяндама жасады.

Өз баяндамасында Аида Касымалиева Кыргызстанда энелер өлүмү 2012-жылга салыштырганда 35% азайганын белгиледи. 

"Кыргызстанда калктын санынын өсүшү жакшы, бирок бул көрсөткүч 2030-жылдан азая башташы мүмкүн. Ошондуктан азыр баланы жана энени коргоого өзгөчө көңүл буруу керек. 2000-2014-жылдары төрөлүү деңгээли жогору болуп, 2017-жылга чейин басаңдай түшкөн. Бирок 2018-жылы жөлөкпул - анын ичинде "Сүйүнчүнүн" кириши менен төрөлүү темпи кайра жогорулай баштаган. Ошентсе да, балдарга багытталган жөлөкпул боюнча дагы жаңы кадамдар керек. Өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири - өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулук.  Өспүрүмдөр арасында жылына 1500 аборт жасалып, 13-19 жаштагы кыздар арасындагы төрөт 6 миңден 8 миңге чейин жетет. Акыркы мезгилде жасалган бардык изилдөөлөр көрсөткөн, эгерде эненин жашы 20га чейин болсо, 1ге чейин жана 5 жашка чейин балдардын өлүмүнүн көбөйүү тобокелчилиги бар. Ошондуктан Жогорку Кеңеш тарабынан өспүрүм кыздардын турмушка чыгуусуна бөгөт койгон мыйзам кабыл алынган, анын аткарылышын көзөмөлдөө зарыл", - деп айтылат Касымалиеванын докладында. 

Бириккен Улуттар уюмунун саммити ушул күндөрү Кениянын борбору Найробиде өтүп  жатат (12-14-ноябрь). 

Жогорку деңгээлдеги конференция калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференциянын 25 жылдыгына арналды. 

Кыргыз делегациясын Жогорку Кеңештин  төрага орун басары Аида Касымалиева жетектеп, анын курамында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадаминжан Каратаев жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Найробидеги саммитке дүйнө жүзү боюнча президенттер, депутаттар жана министрлер катышууда. 

Конференция 6000 миң адамды камтыды. 

Касымалиева "Жаш парламентарийлер" сессиясына төрагалык кылып, башка сессияда дүйнө жүзүндөгү лидер айымдар менен жолукту.

Бардык докладдарын   вице-спикер англис тилинде жасады.

Справка

 Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция алгачкы жолу Каирде 1994-жылы өткөн. 179 өлкө Каир конференциясынын жыйынтыгы менен программаларды кабыл алып, аялдын репродуктивдик ден-соолугу жана укуктары улуттук жана глобалдык масштабда борбордук орун ээлешине чакырышкан. Найроби саммитинин максаты калктын тукум улоо саламаттыгын жана укуктарын алдыга жылдыруу боюнча бардык кызыктар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүү, аялдарга жана кыздарга карата зордук зомбулукту алдын алуу, энелердин өлүмүн кыскартуу, үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө мамлекеттер аралык маалымат алышуу жана кызматташуу болуп саналат.



Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-birikken-uluttar-uyumunun-najrobidegi-sammitinde-bayandama-zhasady



Добавить комментарий