Адылбек Касымалиевдин Дубайга болгон жумуш сапары аяктады

5 февраль 2026 20:51 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумуш сапары аяктады.

Жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) ачылыш аземине катышты.

Саммиттин алкагында биринчи жолу “Кыргызстандын экономикалык өсүшү “Ак илбирстин” моделинде: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлдү.
Кошумча иш-чарага Адылбек Касымалиев, БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, Эмираттардын жана чет элдик уюмдардын ошондой эле бизнес компаниялардын жетекчилери жана башка өкүлдөр катышты.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Анда ал Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министрдин орун басары шейх Мансур бин Заед Аль Нахайян, БАЭнин Вице-премьер-министри, Ички иштер министри Сейф бин Заед Аль Нахайян, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди, “Emirates Investment Authority” суверендүү инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мохаммед Хамад Аль-Мехайр, БАЭнин Энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи жана “Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамиль Аль-Рамахи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Саммиттин алкагында Адылбек Касымалиев Кыргызстандын президенты Садыр Жапаровдун атынан Дүйнөлүк өкмөттөр саммити уюмунун Төргасы Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге  “Достук” орденин тапшырды. 

Ошондой эле Адылбек Касымалиев «Epos» маркасы менен бөтөлкөдө суу чыгарган “Epos Water Production LLC” ишканасында болду. Белгилей кетсек, ишкананы Кыргыз Республикасынын жарандары негиздеген.

Жумуш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев БАЭнин “Emirates News” (WAM) мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди.

Ссылка: https://barometr.kg/adylbek-kasymalievdin-dubajga-bolgon-zhumush-sapary-ayaktady



Добавить комментарий