Адвокат: Орхан Инанды колу сынгандан кийин операция болду
Орхан Инанды колу сынгандан кийин операция болду, азыр Кудайдын буйругу жана дарыгерлердин аракети менен акырындап калыбына келүүдө. Бул тууралуу адвокат Таалайкуль Токтакунова маалымдады.
“Достор, айрыкча адамга кыйын болуп турган учурда аны колдой турган универсалдуу сөздөр жок. Бирок биз Орхана Инанды мырзаны кадимки жөнөкөй саламдашуу менен колдой алдык. Ар бириңиздердин жазган саламдарыңыздар жеткирилди. Ал дагы баарыңыздарга жооп кылып ар бириңиздерге, өзүнүн окуучуларына, мугалимдерге жана замандаштарына салам айтты.Ал баарыңыздардын колдооңуздарга ыраазычылык билдирди”,-деп жазды жактоочу.
Эскерте кетсек, буга чейин 5-июлда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган MIT – Улуттук чалгындоо уюму (Milli Istihbarat Teşkilatı) жүргүзгөн операцияларга ылайык Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин маалымдаган.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды - Бишкекте 1-июнда дайынсыз жоголгон. Эл аралык келишимдерге ылайык Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандын аймагында бийликтин макулдугусуз атайын операцияларды жүргүзө албайт.
Кыргызстандын коомчулугу кыргызстандыкты түрк атайын кызматтары уурдап алып кеткенине нааразы болгон.
6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кылган.
Орханды Инанды кармалганын расмий маалымдагандан кийин Түркиянын атайын кызматы анын арыктап жана кыйналып турган сүрөтүн жарыялаган. Кыргызстандын коомчулугу Инандыга кыйноо көрсөтүлүшү мүмкүн деп тынчсызданган.
Ссылка: https://barometr.kg/advokat-orhan-inandy-kolu-syngandan-kijin-operaciya-boldu
Добавить комментарий ×