Адилет Султаналиев КР премьер-министринин басма сөз катчысы болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Адилет Султаналиев Кыргыз Республикасынын премьер-министринин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Мурда Адилет Султаналиев кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин редактору, кыргыз республикасынын президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти, бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген.
Ссылка: https://barometr.kg/adilet-sultanaliev-kr-premer-ministrinin-basma-sz-katchysy-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×