Адамда психикалык оору пайда болгонун билдирген түштөр

21 июль 2021 16:22 4877 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык клиникалык психолог Нина Христинич психикада бузулуулардын пайда болуусун билдирген айрым түштөр тууралуу маалымат берген. Анын айткандарын barometr.kg сунуштайт.

Адистин айтымында, адам кайра-кайра кайталана берген түштөрдөн сак болушу керек.

“Мисалы, шизофрения оорусу башталганда түстүү, ачык түштөрдү көрүү 20 эсеге көбөйөт. Мындай оорунун белгилери башталып жатканда адам зомбулук сценаларын кайра-кайра көрө баштайт. Ал кичинекей балдарды, өлгөн адамды же коркунучтуу жырткыч жаныбарларды көп көрө башташы мүмкүн”,- дейт адис.

“Объектер, мисалы адамдар артка карай жылып бара жаткандай көрүнө баштайт, тозок же бейиш дегендей сүрөттөлүштөр көп ирет түшкө кирет”,-деп белгиледи ал.

Христинич бир эле түштү бир түндө кайра кайра көрө берүү оорунун курч формасына өтүп бара жатканынан кабар берерин баса белгиледи.

Дагы бир психикалык оору болгон биополярдык бузулуу маалында адам укмуштуудай кооз, ачык, жаркын түштөрдү көрөт.

“Мисалы адам өзүн укмуш бийликте сезип, ааламга падыша болуп, ага сыйынып жаткан букаралардын көрүүсү толук ыктымал”,-дейт Христинич.

Мындай түштөр депрессиядан анын оор стадиясы болгон маниакалдуу депрессияга өтүп бара жаткан учурда дагы көрүнөт.

Бул оору менен жабыркап жүргөн бейтаптар серия-серия болуп уланган түштөрдү көрүп, ал түштөрү жылдар бою уланышы ыктымал. Ошол эле маалда ар бир серия мурдагы токтогон жеринен уланып жаңы башталат.

Адамдын депрессия абалында экенин өтө кооптуу көрүнгөн түштөр айгинелейт. Мисалы адам караңгы жерлерди, коркунучтуу жандыктарды же өзү өлүп калып адамдар аны көмүп жатканын түш көрүүсү мүмкүн.Ошол эле маалда мындай түштөн ойгонуп кеткен адам катуу корккон абалда болот.

Травма алгандан кийинки стресс маалында ошол окуяны кайра кайра түштө көрө берген адат пайда болот.

“Мисалы согушту башынан кечирген адам ага карай атып жатышканын, ошол маалда анын акыркы огу түгөнүп калганын кайталап көрө берет. Же жол кырсыгна кабылып корккондо ошол сценаны кайра-кайра түшүндө көрүүсү мүмкүн”,-дейт адис.

 

Ссылка: https://barometr.kg/adamda-psihikalyk-ooru-pajda-bolgonun-bildirgen-tshtr



Добавить комментарий