Видео. Адахан Мадумаров ѳткѳргѳн маалымат жыйында журналисттерге күч колдондулду
Бүгүн саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын ѳткѳрдү. Жыйында Баткендеги окуянын тегерегинде суроолор талкууланды. Жыйындын жүрүшүндѳ журналистке бир адам кол кѳтѳрүп, залдан алып чыгарды. Катышуучулар кол салган адамды саясатчынын кишилери деп жатышат.
«Бүтүн Кыргызстандын» лидери келген журналисттерди талкууга түшкөн темага карата компетенттүү эмес деди. «Бул маселе эчактан бери эле каралган, силер муну билбейсиңер жана түшүнбөйсүңөр. Мындан улам делимитация, демаркация жана денонсацияны түшүндүрүп жатам», -деди ал.
Ал анын күзөтчүлөрү журналистти бөлмөдөн күч менен түртүп чыгарды дегенге кошулган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/adahan-madumarov-tkrgn-maalymat-zhyjynda-zhurnalistterge-kch-koldonduldu
Добавить комментарий ×