Адахан Мадумаров: "Пенсия же айлык алсын деген депутаттын акылы ушуга кантип жетти? Кыргыздын жашоосун билбесе чыгып кетсин өлкөдөн"

21 ноябрь 2018 16:05 3245 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Азыркы мугалимдердин абалына боорум ооруйт, мугалимдин баласы катары. Сааттарын кыскартып салганы аз келгенсип, алган айлыктары жарыбайт. Мындай оюн саясатчы Адахан Мадумаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. 

"Мугалимдер менен врачтар жыргаганынан улам пенсия да алып, иштеп да жатабы. Мугалимдерге жана дарыгерлерге жаңы реформанын негизинде үй-бүлөлүк борборлорду курасыңар дегенде, дарыгерлердин безилдеп жаткандарына жүз пайыз кошулам. Кантип гинеколог тиш доктур боло алат, кантип педиатр болот. Канча оорулуу кабыл алсаң айлыгың көтөрүлөт деген туура эмес. Акталаага, Чоң-Алайга алыскы райондорго ким барып иштейт анда. Жетишпегенден улам иштеп жатат жанталашып. Азыр жанагы депутат айтып атат, пенсионерлер иштесин же пенсия алсын деп, кантип акылы жетти ушул маселени көтөргөнгө. Мен айтат элем, ошол депутатка кыргыздын жашоосун билбесең көчүп кет башка өлкөгө деп"-деди саясатчы өз сөзүндө. 



Ссылка: https://barometr.kg/adahan-madumarov-pensiya-zhe-ajlyk-alsyn-degen-deputattyn-akyly-ushuga-kantip-zhetti-kyrgyzdyn-zhashoosun-bilbese-chygyp-ketsin-lkdn



Добавить комментарий