Абылгазиев: "Тышкы карызды көбөйтпөй турган бюджеттик система менен иштешибиз керек"
"Тышкы карыз 2023-жылы 309 миллион долларга чыгат. Ал эми 2025-жылы 393 миллион болот бир жылда. Мунун баары алынган кымбат кредиттер ушундай түйшүктөрдү алып келет. Андыктан тышкы карызды көбөйтпөй турган бюджеттик саясат жана системалар менен иштешибиз керек"- деди премьер-министр Абылгазиев бүгүнкү жыйында отчет берип жатып. Ошондой эле бюджет боюнча жалпы маалымат берип кетти.
Анда айтылгандай, былтыркы жылы республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 134 миллиард 5 миллион сомду түзгөн. Салыктык кирешелердин көлөмү 91 миллиард 4 миллион сомду, салыктык эмес төлөмдөр 27 миллиард 3 миллион сомду түздү. "2017-жылы республикалык бюджеттин чыгашалык бөлүгү 151 миллиард 9 миллион сом суммасында аткарылды. Бюджеттин тартыштыгы 17 миллиард 4 миллион сом болду", - дейт премьер-министр.
Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланат. Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде 6 маселе коюлган. Мындан тышкары "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ” мыйзам долбоору каралат.
Добавить комментарий ×