Абылгазиев: парламенттин колдоосу болбосо, Өкмөттүн ишининин натыйжасы алгылыктуу болмок эмес
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин колдоосу болбосо, Өкмөттүн ишининин натыйжасы алгылыктуу болмок эместигин айтты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дайыма колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн Жогору Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирди.
«Парламенттик демократияны бекемдөөгө багыт алган Кыргызстанда бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүүнү уюштуруу дайыма курч жана кылдат мамилени талап кылган маселелердин бири болуп келген. Мамлекеттик бийликтин бул эки институтунун байланышынын деңгээли жана мүнөзү дайыма өлкөдөгү кырдаалга жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу, аны жүзөгө ашыруу ыраатына түздөн-түз таасирин тийгизип келген. Ошондуктан акыркы жылдарда түзүлгөн Жогору Кеңеш менен Өкмөттүн конструктивдүү мүнөздөгү өз ара кызматташтык мамилеси абдан маанилүү. Эки бийлик бутагынын ортосундагы мындай ишенимдүүмүнөздөгү алака Өкмөттүн Жогору Кеңештин алдындагы жоопкерчилик жана отчеттуулук принциптерин колдогон Президент Сооронбай Жээнбековдун так позициясынын негизинде камсыздалды. Биздин өлкөдөгү парламенттик демократия күнүмдүк процесстердин жүрүшүндө элдин кызыкчылыктарын билдирүү жана аны жүзөгө ашыруу тажрыйбасына ээ болуу менен катар дагы да болсо чыңдалуу мезгилинен өтүп жатканын түшүнүп турабыз. Жогорку Кеңеш мурда ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгени эсибизде. Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болчу. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу. Парламенттик күч ич ара министрлик орундар жана башка кызматтар үчүн ачык эле соодалашып, бөлүштүрүп келгени депутаттардын гана эмес, кеңири коомчулуктун да эсинде. Толук негизсиз жана экономикалык эсептөөлөргө ылайык келбеген демилгелер көп кездешчү. Мындай парламентти жаңылыштык менен күчтүү деп атагандардын пикири түшүнүксүз. Учурда ал тургай чоң сынчылар акыркы жылдары мындай нерсени элестетүү мүмкүн эместигин моюнга алышууда – Жогорку Кеңеш өкмөт менен конструктивдүү кызматташууну камсыз кылууга, биздин демилгелерибизди колдоого жана аткаруу бийлигинин ишине объективдүү парламенттик көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатат. Айрым социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө көпчүлүк парламенттик коалиция гана эмес, оппозиция дагы колдоо көрсөтүүдө. Депутаттар Өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуу аркылуу натыйжага жетишүүгө багыт алышкан. Мындай конструктивдүү маанайдын жаралышында өзгөчө ролду, албетте, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, көпчүлүк коалициянын лидери жана парламенттик фракциялардын жетекчилери ойнойт. Ал ар дайым Өкмөттүн ишине объективдүү жана калыс баа берүүгө аракет кылат",- деди ал.
Добавить комментарий ×