Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанатына катышты

27 ноябрь 2018 09:56 799 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы кыргыз элинин, президенттин жана жеке өзүнүн атынан Беларусь республикасынын жетекчилигине, ошондой эле Минск шаардык аткаруу комитетине Чыңгыз Айтматовдун наамын баатыр-шаар Минскинин борборундагы көркөмдүү паркка ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөнүн ар бир тургуну үчүн мааниси зор, кыргызстандыктардын гана эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулуктун күнүмдүк турмушунун жана дүйнө таануусунун калыптанышына зор салымын кошкон адамдын элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу кабар биздин республикада кубануу менен жана Ч.Айтматовдун элесине терең таазим катары кабыл алынды. Бул парк биздин бир тууган элдер ортосундагы достуктун жаркын символу катары кызмат кылаарына ишеним артам. Биз мында белорус элинин жаш мууну жана чыгармачыл адамдары бош убактысынөткөрүп, парктын деми адамзатынын келечек өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүчү жаңы ойлордун, демилгелердин жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучулардын жаралышына шарт түзөт деп ишенебиз», - деди  Абылгазиев.

«Биз ушул маареке өтүп жаткан жылы улуу жазуучунун «Кылым карытар бир күн» китебинин белорус тилинде кайра басылып чыкканына, белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрү жана «Айтматов - дипломат» сүрөт көргөзмөлөрүнүн өткөнүнө кубанычтабыз, ошондой эле замандын улуу жазуучусунун 90 жылдыгына карата бир катар башка иш-чаралар өткөрүлдү, - деди Премьер-министр. – Бизди көп нерсе бириктирип турат – биз бир чоң өлкөдө жашап, биргеликте аны коргогонбуз. Биз ошондой эле Минсктин көчөлөрүнүн бирине мекендешибиз – Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылышы менен сыймыктанабыз»-деп кошумчалады.

Иш-чарага  Беларусиянын премьер-министри Сергей Румас, дипломатиялык миссиялардын бир катар өкүлдөрү катышышты.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-minsk-shaaryndagy-chygyz-ajtmatov-atyndagy-parktagy-estelik-belginin-achylysh-saltanatyna-katyshty



Добавить комментарий