Абылгазиев Казакстанды чек-арадагы кошумча текшерүүлөрдү токтотууга чакырды

9 январь 2020 19:17 4425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казак тараптын Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келет. Бул тууралуу өкмөттүн тараткан маалыматында айтылат.

Белгилей кетсек, Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга товарларды ташууда тараптар кыргыз-казак өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстандын аймагы боюнча товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгуу макулдашылган. Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ. 

Казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калууда. 

Бул жагдайга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле, Чек ара кызматына кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кыргыз өкмөтү пайда болгон суроолор боюнча ыкчам түрдө ачык жана конструктивдүү макулдашууну колдойт.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kazakstandy-chek-ara-integraciyalyk-birliktin-alkagynda-tovarlardy-erkin-tkr-boyuncha-kabyl-alyngan-mildettemelerdi-atkaruuga-chakyrdy



Добавить комментарий