Абылгазиев: "2019 жылдын октябрь айынан баштап мугалимдердин айлыгы 30% кѳтѳрүлѳт"

23 август 2019 12:01 1526 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 23-августта Ысык-Кѳл облусунда премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда мугалимдердин республикалык конференциясы ѳтүп жатат. Ѳкмѳт башчы мугалимдердин алдында сүйлѳп жатып, билим берүү жаатында реформа керектигин баса белгиледи.

«Иш чарада билим берүү системасын талкуулайбыз, бул маселе мамлекет үчүн олуттуу. Ѳкмѳт мугалимдердин жакшы шарттарда иштеши үчүн ѳзгѳчѳ кѳңүл буруп келет. Мен мугалимдерди Кыргызстанга негизги салым кошуучулар деп эсептейм. Себеби силер коомдо татыктуу адамдарды тарбиялайсыңар.Татыктуу билим алган окуучулар алтын сертификаттар менен окууну аяктап, беш жылдан кийин ѳлкѳнүн ѳсүшүнѳ салым кошот. Ошондуктан мугалимдерди мен негизги салым кошуучулар деп эсептейм»,-деди Абылгазиев.

Ошондой эле, ал ѳкмѳт 2019 жылдын октябрь айынан баштап мугалимдердин айлыгы 30% кѳтѳрүүнү пландап жатканын баса белгиледи.

«Айлык акыны 50-100%, чейин кѳтѳрсѳ болот, бирок ѳлкѳдѳгү экономикалык абал муну тез жасоого жол бербейт. Акырындык менен 2023-жылга чейин мугалимдердин айлык акысын 25-30миң сомго кѳтѳрѳбүз»,-деди ѳлкѳ башчы.

Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу үчүн 2 млрд сом талап кылынаарын ѳкмѳт башчы баса белгиледи.

«Бул каражатты биз тапттык. Каржылоо булактары аныкталды », -деди Абылгазиев.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-2019-zhyldyn-oktyabr-ajynan-bashtap-mugalimderdin-ajlygy-30-ktrlt



Добавить комментарий