Абоненттерге кулактандыруу! "Түндүк электр" ишканасы бүгүн "ойлайн" төлөм кабыл алуу кызматын өчүрөт

1 февраль 2019 09:34 1141 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Абоненттерге кулактардыруу: “Түндүк электр” ААК 2019-жылдын 1-февралынан тарта «Мобильник» ЖЧКнын «online» төлөм кабыл алуу кызматын өчүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Төлөмдөрдү “online” кабыл алууда 2018-жылдан тарта “Мобильник” ЖЧКсы тарабынан туруксуз иштер байкалган. Ошондуктан “Түндүк электро” ААК 2019-жылдын 1-февралынан тарта «Мобильник» ЖЧКнын «online» төлөм кабыл алуу кызматын өчүрөт. Кемчиликтер жоюлганча «Мобильник» ЖЧКсы аркылуу кабыл алынган төлөмдөр базадан учур чакта көрсөтүлбөйт. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн “Түндүк электро” ААК абоненттерден төлөмдөрдү «QIWI», «Quickpay», «UMAI», «АсИсНур» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүүгө чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/abonentterge-kulaktandyruu-tndk-elektr-ishkanasy-bgn-ojlajn-tlm-kabyl-aluu-kyzmatyn-chrt



Добавить комментарий