Абдимамат Эрматов: Бул шайлоо кыргыз тарыхында “алтын” тамгалар менен жазылсын!

26 ноябрь 2021 12:19 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Азаттык» партиясынан талапкер Эрматов Абдимамат Абилаевич шайлоо алдында шайлоочуларга кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу шайлоочулар!

Кадырман кыргыз калкым!

Мына ошентип Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына белгиленген шайлоо күнү да босогого кирип келди.

Эми тандоо сиздердин гана ыктыярыныздарда калды. Шайлоого аттанган бардык талапкерлер өз программаларын алдыңыздарга жарыя кылышып сиздердин гана тандооңуздарга коюп беришти. Бийлик дагы таза шайлоо өткөрүүнү убадалады.

Ошондуктан урматтуу элим ”бейиштин төрүндөй болгон” өлкөбүздүн жаркын жашоосуна кайдыгер карабай кыргыздын жети кылымдык тарыхы менен кошо жашап келе жаткан ата-бабалар салтын сыйлаган, кыргыз элинин амандыгына кам көргөн, жеринин бүтүндүгүн “көздүн карегиндей” сактаган” өз эмгек жана өмүр жолунда “ысык чыныгы  суукту жон териси менен башынан өткөргөн” чыныгы өз элинин патриотторуна добуш берсеңиздер жаңылбайсыздар.

Эн негизгиси, адилеттикти бийик туткан, калкка керектүү мыйзам актыларын жазып, аны жүзөгө ашыра ала турган профессионалдарды тандоо убактысы келди.

Мен жогоруда атап кеткен сапатка ээ талапкерлерди "АЗАТТЫК" демократиялык партиясынын" катарынан таба аласыздар деп терең ишеним менен айта алам.

Жараткан сиздерге жар болуп, жаркын жашоого сиздерди себепчи кылган болсун! Анткени сиздердин добушуңуздар ошол бакубат жашоонун “ачкычы” болуп кала тургандыгын эсиңиздерге сала кетким келди.

Туура тандоо, бул кыргыз элинин келечеги.

Бул шайлоо кыргыздын тарыхында “алтын тамгалар менен жазылып кала турган ” зор жакшы өнөктүк болуп калышы үчүн баарыбыз салым кошолу!

Ала-Тоом, Ата журтум, Асыл мекенибизди барктай билели!", -дейт талапкер.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда. Абдимамат Эрматов үчүн тизменин 37-номеринде добуш берсеңиз болот.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 26.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

 

Ссылка: https://barometr.kg/abdimamat-ermatov-bul-shajloo-kyrgyzdyn-taryhynda-altyn-tamgalar-menen-zhazylyp-kalyshyna-kmktshz



Добавить комментарий