Абдил Сегизбаев Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссияга чакырылат

18 сентябрь 2019 17:02 960 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоодо орун алган башаламандыкты иликтеген комиссиянын жыйынына чакырылат. Мындай чечим комиссиянын бүгүн УКМКнын имаратында өткөн көчмө жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтарды маалымдаган.

 Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевди, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди чакыруу чечими кабыл алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/abdil-segizbaev-koj-tashtagy-okuyany-iliktegen-komissiyaga-chakyrylat



Добавить комментарий