Абайла! Кыргызстандын жараны 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алдатып жиберди

22 июнь 2018 01:40 2140 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын жараны 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алдатып жиберген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда Бишкектен 2 бөлмөлүү батир алуу үчүн акча чогултуп жүргөн жаран Россиядагы белгисиз алдамчылардын тузагына түшкөн. Алар 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сумманы которууну сураган. Андан соң Кыргызстанга келип алып-сатуу келишимин бүтүрөбуз деген. Акчаны которгондон кийин, белгисиз адамдар дайынсыз жоголушкан. Банктык эсептеги акчалай сумманы да чыгарып кетишкени бир канча күндөн кийин маалым болгон.

Учурда бул иш тууралуу кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/abajla-kyrgyzstandyn-zharany-20-mi-dollar-lchmndg-akchasyn-aldatyp-zhiberdi



Добавить комментарий