Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда күн жылуу болот
Бөлүшүү:
Кыргызгидромет борборунун билдиришинче, бүгүн 13-февралда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй жана Талас облустарында +5…+10 градус жылуу болот. Жалал-Абад, Ош жана Баткен жергесинде абанын температурасы +6…+11 градуска жетери болжолдонот.
Ысык-Көл аймагында +2…+7, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болору айтылды.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +9…+11, Бишкек шаарында +6…+8 градус жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-kpchlk-ajmaktarda-kn-zhyluu-bolot
Добавить комментарий ×