7-июнь: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

7 июнь 2019 06:23 799 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 7-июнда, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынынын айрым райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан катуу жаашы ыктымал. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28,

Нарын аймагында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Күндүз жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 15…17, күндүз 26…28 градус ысыйт.



Ссылка: https://barometr.kg/7-iyunkpchlk-ajmaktarda-zhamgyr-zhaajt



Добавить комментарий