50 жылдан кийин адамзат кандай унаа менен жүрүп калат?

13 сентябрь 2021 20:06 1813 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жүз жылдан ашпаган убакыттын аралыгында адамзат ат чегилген арабадан унаага, ал тургай космостук аппараттарды башкарууга өттү. Экологиялык талаптардан улам унаалардын талаптары дагы өзгөрмөчү. Бул тууралуу euronews.com булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Нидерландиянын Fastned стартабынын негиздөөчүсү Михил Лангезал 2050-жылга карата күйүүчү май менен жүргөн кыймылдаткычтар толук жок болорун эскертти.

“Кийинки он жылдыкта электромобилдерди көп чыгаруу тапшырмасы коюлат”,- дейт Лангезал.

Азыркы унаалардын түрү жок болорун дагы болжогондор бар.

“50 жылдан соң баардык 100 пайыз унааларды прокатка алышат, алардын айдоочусу болбойт, электр, суутек  менен жүрөт. Ал эми Айга учууга билеттердин баасы орто класстын чөнтөгүнө туура келгендей болуп калат”,-дейт Max.ng такси сервисинин негиздөөчүсү Адетайо Бамидуро.

 

Ссылка: https://barometr.kg/50-zhyldan-kijin-adamzat-kandaj-unaa-menen-zhrp-kalat



Добавить комментарий