4,7 млн сомду уурдап чыгып, акчаны көңүл ачууга чачкан уурулар кармалды

25 март 2019 21:13 4408 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-марттан 8-мартка караган түнү Ош шаарындагы Алай көчөсүндө жайгашкан фирмага уурулар кирип, сейфти ачып 4 млн 706 миң сомду тоноп кетишкен.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө буга шектүү делип 1995-жылы жана 1992-жылы туулган эки эркек кармалды.

Экинчи жаран тонолгон фирманын кызматкери болуп чыкты.

 Алар жашаган үйдү тинтүүгө алган кезде бирөөсүнүн үйүнөн 1 млн 460 миң сом, экинчисинен 900 миң сом табылды. Ага чейин алар акчанын калган көп бөлүгүн көңүл ачып, керектеп жок кылып салышкан.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/47-mln-somdu-uurdap-chygyp-akchany-kl-achuuga-chachkan-uurular-karmaldy



Добавить комментарий