Суусамырда микроавтобус оор жүк ташуучу унаанын артынан сүзүп алган, бир киши каза болуп, 4 адам жабыркады
Бөлүшүү:
Бишкек-Ош унаа жолунун 191-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Мерседес-Спринтер унаасынын айдоочусу жолдун боюнда токтоп турган Фура үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денеси унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар жолдо бараткан унаалардын жардамында Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. 6 куткаруучу тартылган.
Ссылка: https://barometr.kg/4-adam-zhabyrkagan-zhol-kyrsygy-kattaldy
Добавить комментарий ×