31-түзөтүү абагында 2,5 млн. сомдук чыгым келтирилген

22 май 2019 08:30 2115 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Молдовановкадагы №31 колония мамлекеттик бюджетке ири суммадагы чыгым келтиргенин аныктады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында №31 колониянын аудити менен администрациясы ички иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада №31 колониянын бухгалтериясынын мурдагы кызматкерлери мамлекетке 2 миллион 476 миң сом чыгым алып келгени аныкталды. Учурда алар 1 миллион 461 миң 387 сомду кайтарып беришкен.

Учурда материалдар ЖАМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси ("Ишенип берилген каражатты коротуу") боюнча каттоого алынганы да кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/31-tzt-abagynda-25-mln-somduk-chygym-keltirilgen



Добавить комментарий