30 жашта бет кургап баштадыбы?
Сиз 30 жаштасызбы? (25? 35?). Сиздин бетиңиз жука, тунук, бир аз кызыл тарткан, көп билинбеген тешикчелери бар, шамалда кесилип, түлөп кетеби?
Анда сиздин териңиз кургак типтеги териге кирет.
Анын негизги көйгөйү- териге май жетишпейт, ошондуктан ал бат нымдуулугун жоготот.
Эмне кылыш керек?
Жуунабыз
Бул типтеги терини нымдаштыруучу пенка же Гидрофиль майы менен тазалоо керек. Кечинде милдеттүү түрдө тазалоочу каражат менен тазаланыз. Эртең менен (жалтырап май көрүнбөсө) жөнөкөй суу менен жана спож менен жууңуз. Эч качан ысык суу менен жуубаңыз!
Тонер менен тазалайбыз. Милдеттүү түрдө. Ар дайым. Тонердин курамында спирт жок болуш керек. Колго сыгып алып, бетке акырындан сапкылап, укалап чыгабыз.
Крем сүйкөйбүз
Эки крем ар дайым болуш керек. Бири нымдаштыруучу, экинчиси азыктандыруучу (акыркысы териге жетишпей жаткан липиддер менен камсыздайт). Бирөө гиалурон менен экинчиси, коллаген менен.
Кошумча:
-Сыворотка (нымдаштыруучу жана азыктанжыруучу)
-Пилинг-скатка (терини жукартып жибербеш үчүн, бир жумада бир жолу гана колдонуу керек)
-Күндөн коргоочу крем (ар дайым эшикке чыкканда жаныңызда болсун)
-Кечки маскалар
-Сууну көп ичебиз, зайтун жана майлуу балык жейбиз.
Ссылка: https://barometr.kg/30-zhashta-bet-kurgap-bashtadyby
Добавить комментарий ×