Жээнбеков: Кыргызстанда 30-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат
Кыргызстанда 30-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланат, жакында тиешелүү жарлык чыгат. Бул тууралуу президенттин "Биринчи радиого" берген маегине шилтеме берип «Барометр» билдирет.
"31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Тиешелүү жарлык чыгат, буюрса. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы. Дагы бир ирет каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө", — деди Жээнбеков.
Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 124 адамга жетти. Анын ичинен 19 203 бейтап ооруну жеңсе, 1 249у көз жумган.
Ссылка: https://barometr.kg/30-iyul-zhalpy-uluttuk-aza-kt-kn-dep-zharyyalanat
Добавить комментарий ×