29-октябрга карата аба-ырайы
Бөлүшүү:
29-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, айрым жерлерде карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +11…+16 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +11…+16 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте күндүн табы +15…+17, Ош шаарында +16…+18 градуска жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/29-oktyabrga-karata-aba-yrajy
Добавить комментарий ×