Кыргызстанда 29-30-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөйт

25 ноябрь 2020 16:24 2268 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 28-29-ноябрларда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: 

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°, 
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, 
  • Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, 
  • Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°, 
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ссылка: https://barometr.kg/29-30-noyabrlarda-abanyn-temperaturasy-abdan-tmndjt



Добавить комментарий