27-июлда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

27 июль 2018 19:40 1342 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү тоолуу райондорунда гана күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 26…31°, Талас өрөөнүндө 24…29°, Ош, Жалал-Абад,  Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 31…36°, Ысык-Көл ойдуңунда 22…27°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарда 24…29°, тоолуу райондордо 11…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/27-iyulda-respublikanyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy



Добавить комментарий